Бегиш үй-бүлөсү менен АКШга кетет
Ырчы, рэп аткаруучу Бегиш үй-бүлөсү менен АКШга кетет. Ырчынын жакындары социалдык тармактагы баракчаларына жазууда.
Бегиш менен жубайы кечээ, 12-апрелде шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жакындарын чакырып, кызы Евага той берген. Ал эми кечеге чакырылган шоу-бизнес өкүлдөрү алар менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, аларды сагына тургандыгын жазышууда.
Аны менен катар алып баруучу, журналист Эркин Рыскулбеков да төмөнкүдөй билдирүү калтырган: "Бегиш дагы 2 жылга (балким андан дагы көп) АКШга кетип жатат. Биздин прогрессивдүү жаштарыбыздын кетип жатканы өкүндүрөт".