SerepTV Logo

Балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы белгиленет

Балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы белгиленет

26-январда саат 19:00дө Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдык мааракеси белгиленет.

Иш-чаранын алкагында театрдын солисттери жана балет артисттери, Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, Тугелов атындагы Мамлекеттик "Ак Марал" бий ансамблинин артисттери өнөр тартуулашат.

edita