SerepTV Logo

"Байге фонду миллион сом". Бүгүн Бишкекте айтыш өтөт

"Байге фонду миллион сом". Бүгүн Бишкекте айтыш өтөт
Бүгүн, 28-мартта Бишкекте айтыш республикалык деңгээлде өткөрүлөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына жана төкмө акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Ошондой эле байге фонду катары бир миллион сом коюлган. Белгилей кетсек, 27-мартта айтыштын тандоо туру КТРКнын концерттик залында өткөн. Анда тандалып алынган акындардын финалдык айтышы бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 17:00дө өткөрүлөт. Билет баасы — 500 сом. «Айтыш» коомдук фонду 2001-жылы түптөлгөн. Фонд төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүү жана акындардын башын бириктирүү максатында негизделгени айтылып келет.
Unknown Author