SerepTV Logo

Азиядагы эл аралык кинофестивалда кыргыз режиссерунун тасмасы башкы сыйлыкты алды

Азиядагы эл аралык кинофестивалда кыргыз режиссерунун тасмасы башкы сыйлыкты алды
Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Кыз ала качуу" тасмасы Бусан эл аралык кинофестивалынын Jiseok сынактык программасында жеңүүчү аталып, башкы сыйлыкты алды. Аталган кинофестивалы 28-ирет Түштүк Кореяда 4-13-октябрь күндөр аралыгында өттү. 1996-жылы негизделген Бусан эл аралык кинофестивалы бүгүнкү күндө эң ири азиялык кинофестиваль болуп саналат. Быйылкы жылы дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 269 тасма тандалып алынган. Ал эми кыргыз тасмасы ат салышкан программада баш-аягы 20 фильм сыйлыкка талапкер болду.
Буга чейин «Кыз ала качуу» тасмасынын режиссёру Мирлан Абдыкалыков менен тасманын продюсери Алтынай Койчуманова Түштүк Кореядагы кинофестивалда кызыл килемден өтүшкөн.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Кыз ала качуу (фильм 2023) (@kyzalakachuu2023)

https://www.youtube.com/watch?v=49GHipdp3vE&fbclid=IwAR3W4tesMJy63-L7EGUbDTQzodi_DWWa7myWUdIO5RLARS7Z4-I4WsvBv10
info