SerepTV Logo

"Аяктап жатканы өкүнүчтүү". Бегимай Турусбекова “Царица” долбоорунда 2-орунду алды

"Аяктап жатканы өкүнүчтүү". Бегимай Турусбекова “Царица” долбоорунда 2-орунду алды
Ырчы Бегимай Турусбекова катышып жаткан “Царица” долбоору финалына жетти. Анда кыргызстандык ырчы "Обезаружена" ырын ырдады. Турусбековага 4 калыстар тобунун 2 мүчөсү 10, эки мүчөсү 9 деген упай берип, калыстардан 38 упай чогултту. Ал эми залда отурган көрүүчүлөр 8,59 упай беришти. Жалпы 46, 59 упай менен 2-орунду алды. Ал эми 1-орунга калыстар тобунан 40 упай, көрүүчүлөрдөн 9,62 упай алган Светлана Ларионова ээ болуп, "Царица" аталды. 3-орунду 46,33 упай менен Ирина Зинченко алды. "Мен үчүн оор болду. Анткени ыр оор. Долбоордун аяктап жатканы өкүнүчтүү. Мага бул жер жакты, эмитеден эле сагына баштадым",- деди Турусбекова.  https://youtu.be/n9d5Rnfo97s
edita