SerepTV Logo

Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи ирет өкүл ата, өкүл апа болушту

Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи ирет өкүл ата, өкүл апа болушту
Ырчы түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека экинчи ирет өкүл ата, өкүл апа болушту. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы мырза өзү тастыктады. “Негизи Авазбек мурда эле “мага биринчи өкүл ата болосуз” деп жүрчү. Мыкты жигит, жакын тааныш болгонубуздан макул болгонбуз, бирок созулуп кетип, өзүңүздөр билгендей, экинчиси болуп калышты”, - деди ал. Маалыматтарга караганда, той Ошто өтүп жатат. Өкүл ата менен өкүл апа белек катары Дубайга эс алууга жолдомо беришти. 21-августта “Акыркы сабак” сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбектин үйлөнүү тою өткөн. Аваз Акимов менен жубайы Айдана Дека соцтармакка жаш түгөйлөргө биринчи жолу өкүл ата, өкүл апа болгонун жазышкан.
edita