"Апамды таштаба, балдарды жакшы кара" деп жатты" дейт Азиз Мурадиллаевдин жубайы
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бул дүйнөдөн өткөнүнө 3 айдан ашты. Сахнада жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс таланттын артында калган жубайы Элвира Жумалиева жолдошу менен таанышкан күндөн тартып анын өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин айтып, көзүнө жаш ала эскерди.
"Биздин үйлөнгөнүбүзгө быйыл 27 жыл болмок экен. 26 жылда аябай көнүп алыптырмын. Убакыт дарылайт деп коёт го, андай эмес экен. Убакыт өткөн сайын мага оор болуп жатат. Апасы да жаман болуп жатат. Апа да. Азиз ооруканада жатканда эле "апамды таштаба, балдарымды жакшы кара" десе эле, мен "баары жакшы болот" дечүмүн. "Кичинекей баламды ыйлатпа, апамды таштап кетип калба" деп өзү кыйналып жатса да, аларды ойлоду. Мен Азиздин өлүп каларын ойлогон эмесмин", - деди жубайы.
https://youtu.be/3jUbBHXmkjo