SerepTV Logo

Америкалык актёр Маколей Калкин 40 жашында алгачкы ирет ата болду

Америкалык актёр Маколей Калкин 40 жашында алгачкы ирет ата болду
Америкалык актёр Маколей Калкин жана анын сүйүктүүсү, актриса Бренда Сонг ата-эне болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. "Үйдө жалгыз" тасмасынын жылдызы ымыркайына буга чейин каза болгон эжеси Дакотанын урматына, Дакота Сонг деген ысым ыйгарган. Актёрдун эжеси жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон унаа сүзүп кетип каза болгон. Маколей Калкиндин мураскери 5-апрелде Лос-Анжелестеги клиникалардын биринде саат 13:00дө төрөлгөн, салмагы 3,110 килограмм. Кубанычтуу кабар жөнүндө жубайлар "Биз абдан бактылуубуз" деп комментарий беришкен. Маколей Калкин менен Бренда Сонг бир нече жыл мурун Таиландда тасма талаасында таанышкан.
Unknown Author