SerepTV Logo

Алып баруучу Алексей Филатовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (сүрөт)

Алып баруучу Алексей Филатовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (сүрөт)
Белгилүү алып баруучу Алексей Филатов кечээ, 12-сентябрда оорудан улам каза болду. Анын буга чейин пневмониядан улам ооруканада оор абалда жатканы маалымдалган эле. Бүгүн, 13-сентябрда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты шаардык өлүкканада өтүп жатат. Анын сөөгү Чыгыш айылындагы көрүстөнгө коюлат. Алексей Филатов 1987-жылдын 1-декабрында Бишкекте туулган. 2003-жылы КТРКдагы «Улуттук хит-парад» берүүсүн алып бара баштаган. Мамлекеттик телеканалдардагы бир катар теле долбоорлордун автору болгон. 2007-жылдан тартып «Школа танцев Алексея Филатова» продюсердик борборун жетектеген. 2011-2016-жылдары окуучулардын арасында сулуулук сынактарын өткөрүп жүргөн. [gallery columns="1" link="file" size="full" jnewsslider="true" ids="72286,72287,72288"]
edita