SerepTV Logo

“Алтын глобус” сыйлыгына кимдер татыды?

“Алтын глобус” сыйлыгына кимдер татыды?
1-мартка караган түнү АКШнын Лос-Анджелес жана Нью-Йорк шаарларында Голливуддун Чет элдик пресс-ассоциациясынын “Алтын Глобус” сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара пандемияга байланыштуу АКШнын батыш жана чыгыш жээгиндеги эки шаарда бир эле мезгилде өткөрүлдү. Кино жаатында “Оскар” менен катар турган беделдүү “Алтын глобус” сыйлыгы быйыл 78-ирет тапшырылды. Кеченин негизги окуялары катары “Көчмөндөрдүн жери”, “Борат 2” кинотасмалары жана “Жан” мультфильми экиден сыйлыкка татыганы, ошондой эле маркум Чедвик Боузмандын  “Ма Рейни: Блюздун энеси” киносундагы жараткан ролу үчүн “Эң мыкты актер” деп табылганы болду. “Алтын глобус” сыйлыгына ээ болгондордун тизмеси: “Эң мыкты драмалык кино” – “Көчмөндөрдүн жери” “Эн мыкты мюзикл жана комедиялык кино” – “Борат 2” “Драмалык кинодогу эң мыкты актер” - Чедвик Боузман,  “Ма Рейни: Блюздун энеси” “Мюзикл жана комедиялык кинодогу эң мыкты актер” – Саша Барон Коэн, “Борат 2” “Драмалык кинодогу эң мыкты актриса” - Андра Дей“Кошмо штаттар Билли Холидейге каршы” “Мюзикл жана комедиялык кинодогу эң мыкты актриса” – Розамунд Пайк, “Жалганчы” “Экинчи пландагы эң мыкты актер” – Дэниэл Калуя, “Иуда жана кара мессия” “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” – Жоди Фостер, “Мавританиялык” “Эң мыкты режиссер” – Хлоя Чжао, “Көчмөндөрдүн жери” “Эң мыкты сценарий” – “Чикаголук жетиликтин сот жараяны” “Чет тилдеги эң мыкты кино” – “Минари” “Эң мыкты мультфильм” – “Жан” “Эң мыкты музыка” – “Жан” “Эң мыкты ыр” - «Io sì (Seen)» — “Бүт жашоо алдыда” “Эң мыкты драмалык сериал” – “Таажы” “Драмалык сериалдагы эң мыкты актер” – Жош О'Коннор, “Таажы” “Драмалык сериалдагы эң мыкты актриса” – Эмма Коррин, “Таажы” “Эң мыкты комедиялык сериал” – “Шиттс Крик” “Комедиялык сериалдагы эң мыкты актер” – Жейсон Судейкис, “Тед Лассо” “Комедиялык сериалдагы эң мыкты актриса” – Кэтрин О'Хара, “Шиттс Крик” “Эң мыкты телефильм же мини-сериал” – “Ханышанын жүрүшү” “Телефильм же мини-сериалдагы эң мыкты актер” – Марк Руффало, “Бул чындык экенин билем” “Телефильм же мини-сериалдагы эң мыкты актриса” – Аня Тейлор-Жой, “Ханышанын жүрүшү” “Телефильм же мини-сериалдагы экинчи пландагы эң мыкты актер” – Жон Бойега, “Өзгөрүү үнү” “Телефильм же мини-сериалдагы экинчи пландагы эң мыкты актриса” – Жиллиан Андерсон, “Таажы”.
Unknown Author