Альпинисттер менен киночулар тобу чокуну "Кыргызфильм" деп аташты (видео)
Кечээ, 20-июнь күнү Альпинисттер федерациясы менен кыргыз кинематографисттер тобу Кыргызстандагы чокулардын бирине "Кыргызфильм" деген аталышты ыйгарышты.
Эверест чокусун багындырган альпинист Эдуард Кубатовдун башчылыгында альпинисттер менен кинематографисттер тобу 19-20-июнь күндөрү жол жүрүп, бийиктиги 4350 метрлик чокуга "Кыргызфильм" деген аталышты ыйгарышты. Бул демилге Кыргыз киносунун 80 жылдык юбилейинин урматына ишке ашырылды.