SerepTV Logo

Алмазбек Атамбаевдин кызы саясий репрессияга каршы көркөм кече өткөрөт

Алмазбек Атамбаевдин кызы саясий репрессияга каршы көркөм кече өткөрөт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева 17-сентябрда "Ветер перемен" аттуу саясий репрессияга каршы көркөм кечесин өткөрөт. Ал социалдык тармакта билдиргендей, иш-чара атасынын 65 жашка чыкканына карата уюштурулат. Экс-президент 2 жылдан ашуун убакыттан бери камакта.

"Мунун баары ойлордон башталды. Жашоомдун айрым жагдайлары мага алыстан көрүнгөн чоң сүрөттү тартуу каалоосун жаратты, аны менен бир күн көчөдө туруумду кааладым. Бир сүрөт жаралгандан кийин, дагы сүрөттөр пайда болду, анан мен окуянын башка элементтери жөнүндө ойлоно баштадым. Согуш азыраак, искусство көбүрөөк болсун!" - деп жазды ал.

Иш-чаранын алкагында Алия Шагиеванын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү, металлдан жана гүлдөрдөн инсталляция, "Соленые орешки" джаз тобунун спектакли жана башкалар орун алат. Иш-чара 17-сентябрда "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Кирүү акысыз.

edita