Альбина Имашова, Аскат Сулайманов, Камчы Сарыбаев... Президенттен сыйлык алгандардын тизмеси
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="259141,259143,259135,259136,259149,259142,259134,259137,259138,259139,259144,259145,259146,259147,259148,259150,259151,259152,259140"]
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданият кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу:
ыйгарылсын:
“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардак наам:
| Райымбекова Анапия Кадыркуловнага | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” фольклордук тобунун артисти; |
| Сыдыгалиева Анарага | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти; |
| Суеркулова Ирина Балтабаевнага | – | “Акак” комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси; |
| “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардак наам | ||
| Шайдуллаева Топчугүл Жолдошевнага | – | жазуучу; |
| “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардак наам: | ||
| Абдыкадырова Света Айыповнага | – | К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, артисти; |
| Имашова Альбина Турдугуловнага | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти; |
| Садыркулов Фарух Досматовичке | – | А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасынын жетектөөчү чебери – балеттин солисти; |
| Шаршебаев Азим Чолумкановичке | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти; |
| “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам: | ||
| Искакова Анара Акматовнага | – | С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу; |
| Кумаев Шеримбек Дуйшокеевичке | – | Кыргыз Респбуликасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
| Мусаева Назгул Бейшекеевнага | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “1 Канал” студиясынын жогорку категориядагы режиссеру; |
| Шералиева Нарынкүл Жумамүдүновнага | – | Улуттук маданий борбордун эл чыгармачылыгы, балдардын музыкалык билими жана маданий мурастары башкармалыгынын башкы адиси; |
| сыйлансын: “Даңк” медалы менен: | ||
| Абдыжапаров Эрнест Алмасбекович | – | кинорежиссер, сценарист, продюсер; |
| Бирназаров Темирбек Муканбаевич | – | кинорежиссер, Кыргызстан кинематографистер союзунун мүчөсү; |
| Латыпов Эрик Вильданович | – | Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун “Шаттык” элдик үлгүлүү хореографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси; |
| Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: | ||
| Аманбаев Сапарбек Исирадинович | – | К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын тарбия иштери боюнча проректору; |
| Алакунов Айып Аманович | – | Академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм сүрөт академиясынын станоктук живопись кафедрасынын башчысы; |
| Алышпаева Алтынгүл Усеновна | – | Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын тигүү цехинин начальниги; |
| Жолдошов Чынарбек Маматович | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
| Жунушов Нурлан Өмүрбекович | – | М. Куренкеев атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик музыкалык окуу жайынын улук окутуучусу; |
| Касаболотов Акылбек Усенович | – | К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик аспаптар кафедрасынын башчысы; |
| Мешкенов Алтынбек Бедилович | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын продюсери; |
| Сагындыкова Гүлгаакы Жолдошбековна | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун артисти; |
| Сарыбаев Камчыбек Төлөнбекович | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти; |
| Сулайманов Аскат Калыбекович | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти. |