SerepTV Logo

Актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева баш кошту

Актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева баш кошту
Бүгүн, 20-октябрда актриса Айсанат Эдигееванын кыз узатуу тою өтүп жатат. Анын жолдошу - актёр Өмүрбек Израилов. Кыз узатуу актрисанын үйүндө болсо, үлпөт той борбордогу тойканалардын биринде өтөт. Өмүрбек Израилов “Дарак ыры” тасмасындагы ролу менен элге кеңири таанылса, Айсанат Эдигеева “Көргүм келет” тасмасында баш каармандын ролун жаратып эл оозуна алынган. Экөө тең бир канча тасма, спектакль жана клиптерде роль жаратып келишет. Буга чейин Айсанат Эдигеева SUPERTV`га маекке келип, сүйүктүүсү чыгармачыл инсан экенин айткан. https://www.youtube.com/watch?v=Ci1h0YuB6PI
Unknown Author