"Дуба кылып туруңуздар". Бүгүн Түркияда актёр Нуржаасын Жумагуловго операция жасалат
Эки бөйрөгү жабыркап, бирин алмаштыруу үчүн Түркияга кеткен актёр Нуржаасын Жумагуловго бүгүн операция жасалат. Бул тууралуу актёр социалдык баракчасына билдирди.
"21-июль күнү Кыргызстандын сааты боюнча 14:00дө операция болом. Дуба кылып туруңуздар" деп жазган актёр.
Эске салсак, июнь айынын башында Нуржаасын Жумагулов эки бөйрөгү иштебей, бир бөйрөгүн алмаштыруу үчүн каражат керек болуп жатканын айтып, элге жардам сурап кайрылган.