Актёр Эрнис Айдаралиев уулдуу болду (видео)
Коомчулукка актёр катары таанылган блогер, жеке ишкер Эрнис Айдаралиев уулдуу болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Эрнис мырзага байланышып, кубанычы менен тең бөлүштү.
"Уулум 10-июнда төрөлдү. Кечээ, 12-июнь күнү төрөтканадан үйүбүзгө чыгарып келип алдык. Уулумдун атын Ахмад деп койдук", - деп билдирди Эрнис Айдаралиев.
Эрнис Айдаралиев 2020-жылы сүйүктүүсү Аделинага баш кошкон. Учурда жубайлар 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болушту.