SerepTV Logo

"Токтогул" сыйлыгын алган актёр Данияр Жанжигитов: "Сыйлыкты алышыма Марат Козукеевдин эмгеги чоң"

"Токтогул" сыйлыгын алган актёр Данияр Жанжигитов: "Сыйлыкты алышыма Марат Козукеевдин эмгеги чоң"
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклиндеги Майсалбектин ролу үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Актёр сыйлыгы тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди. "Сыйлыкты алганымды раматылык Марат Козукеевдин жубайы Айсалкын эже (Кыйыкбаева) чалып сүйүнчүлөдү. Мурун көрсөтүлүп жатканымды уккам, бирок сыйлыкты алганым мага күтүүсүз болду. Мен Кыргыз драма театрында иштеп жатканыма 20 жыл болду. Токтогул атындагы сыйлыкты алышыма раматылык Марат Козукеевдин, театрдын жамаатынын эмгеги чоң. Марат байке мага Майсалбектин ролун ишенип берген. Ал киши жалпы эле актёр катары калыптанышыма чоң салым кошкон. Сыйлык меники гана эмес, жалпы жамааттыкы", - дейт актёр. Буга чейин бир катар маданият кызматкерлери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алганы маалымдалган.
info