Актёр Азамат Уланов менен жубайы наристе күтүп жатышат
«Апамды издейм» тасмасы менен Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга да таанылган актёр Азамат Уланов менен жубайы ата-эне статусуна ээ болушат. Алар социалдык тармактагы баракчасына "гендер пати" уюштурган видео жарыялашты.
Жакшылыкка жакындары, ата-энелери күбө болушкан.
Актёр буга чейин Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн алдында никелешүү тууралуу күбөлүгү менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, үйлөнгөнүн билдирген. Ал эми 6-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт той өткөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram