SerepTV Logo

Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскарына" көрсөтүлдү

Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскарына" көрсөтүлдү

Режиссер Актан Арым Кубат тарткан "Эсимде" тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясына талапкер болду. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Иш-чара 11-ноябрда Голд-Костто (Австралия) өтөт. Тасма үч номинацияда көрсөтүлдү: мыкты тасма, мыкты сценарий жана мыкты роль жаратуучу. 

2007-жылы түзүлгөн APSA сыйлыгы эл аралык сыйлыктардын арасында барган сайын маанилүү болуп, кинематография дүйнөсүндө "Азия Оскары" деп аталууда. “Эсимде” тасмасы эс-тутумун жоготуп, бөтөн жерде 23 жыл азап чегип, мекенине кайтып келген Зарлык карыянын тагдырын баяндайт.

edita