"Акчаны 3-4 жыл чогулттум". Ырчы Кызсайкал Кабылова ак өргөөлүү болду
Ырчы Кызсайкал Кабылова ак өргөөлүү болду. Кубанычтуу кабарды СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы өзү менен байланышканыбызда билдирди.
"Майдын аягында 3 бөлмөлүү үй алдым. Буга 3-4 жыл акча чогулттум. Бата үйдө калсын деп жакындарымды чакырып, той бердим",- деди ал.