Айгерим Расул кызы тарыхый тасмада башкы каармандын ролун аткарат
Айгерим Расул кызы тарыхый тасмада башкы каармандын ролун аткарат. Жаңылыгы менен ырчы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
“Купуя сырларды ачууга убакыт келди. Башкы жаңылыгымдын бири сүрөткө байланыштуу каарман тууралуу. Жаңыл Мырза эпосунун тасмасында башкы каарман катары баатыр кыздын образын жаратып, тарыхый тасмада өзүмдү сынаганы турам. Буюрса, тартуу иштери күз мезгилинде башталып 2022-жылга чейин уланат. Азыркы тапта сценарий жазылып, даярдыктар башталды. Мага ийгилик каалап коюңуздар”- деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин ырчы “Жараланган турналар”, “Күйөө балам Водовоз” жана башка тасмаларга тартылган.