SerepTV Logo

Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген мезгилсиз дүйнө салды

Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген мезгилсиз дүйнө салды
Бүгүн, 21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болду. Бул тууралуу маалыматты сахналаштары ырастады. Маалыматка ылайык, Арген 21-июнга караган түнү үйүндө каза болгон. Ырчы айымдын күйөөсү Таалай Ороскулов жумушу менен Москвада жүргөндүктөн, Бишкекке келе жатканы маалымдалды. Арген Иманалиевдин сөөгү бүгүн саат 16:00дө жерге берилмекчи. Арген Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу, ал 1987-жылы туулган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
info