SerepTV Logo

"Абдылда Иманкулов 100 адамды тоготпой качып кетти". Иманкуловдун жообу

"Абдылда Иманкулов 100 адамды тоготпой качып кетти". Иманкуловдун жообу
Учурда түштүк жергесинде гастролдо жүргөн куудулдар Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиев 100 адам келгенине карабай, концерт койбой кетип калганы айтылууда. Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларынын нааразылыгын чагылдырган видео социалдык тармактарга жүктөлүп, талкуу жаратты. Видеодо билет саткан аял колуна билеттерди алып, "100 адамга сатылган экен. Аларды Абдылда (Иманкулов) тоготпой кетип калды. Аксакал башы менен карыган аталар, эжелер, ооруканада жаткандар атайын келишкен экен" деп арызданган. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык маданият ордосунун директору делген Гүлайым айым буларга токтолгон: "Концерт ээлери 100 адам бизге аз, биз аларга концерт коё албайбыз деп качып кетишти. Телефонуна чалсак албай коюшту". Талкууга түшкөн окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, куудул Абдылда Иманкуловго байланыштык. Куудул СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мындайча түшүндүрмө берди. "Мындай окуялар буга чейин деле болгон, боло берет. Концертке мен жалгыз барган эмесмин. Тынар экөөбүздөн сырткары бизди коштоп жүргөн балдар бар. Кызыл-Кыяда сатылган 100 билеттин баасы 20 миң сом болсо, биздин концертке кетирген чыгашаларыбыз андан ашат. Жаныбызда коштоп жүргөн балдар менен алдын ала келишим түзүлгөн. Аларды сен 1 билет саттыңбы, 100 билет саттыңбы кызыктырбайт. Алар сахнага чыктыбы, келишилген акчаны төлөп беришибиз керек. Бизди коштоп жүргөн балдарга 10-15 миң сомдой төлөйбүз. Музыканы коюп отурган оператор бар, ага өзүнчө төлөйбүз. Музыкалык аппаратурага 3000 сомдун тегерегинде ижара төлөйбүз. Андан сырткары концерт койгон маданият үйүнө концерттен түшкөн сумманын 20 пайызын ижарага беришибиз керек. Чыгармачыл топтун жаткан жерине, 3 маал тамагына да оңой эмес каражат кетет. Ушунун баарын эске алыш керекпиз.  Администраторубуз ижара акысын бир аз түшүргүлө, ушунча келгенден кийин концерт коюп кетели десе, түшпөй коюптур. Барган жерибиздегилер да биздин абалды түшүнүп, мамиле кылышса. Көшөгө артында эл билбеген толтура жагдайлар бар да", - дейт куудул.
info