SerepTV Logo

5 күн жана 5 түн! Дөөлөт Сыдыков Москвада эртең манас айтып баштайт

5 күн жана 5 түн! Дөөлөт Сыдыков Москвада эртең манас айтып баштайт
Манасчы Дөөлөт Сыдыков эртең, 31-августта Москва шаарында Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин имаратында манас айтып баштайт жана ал 5 күн, 5 түнгө уланат. Бул тууралуу манасчынын соцтармактагы баракчасында маалымдалган. Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кыргыз диаспора кеңешинин чакыруусу жана элчиликтин колдоосу менен уюштурулууда. Ошондой эле, манасчы бул жолу да Гиннесстин рекорддор китебине катталууга аракет кылат. Дөөлөт Сыдыков 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебине катталуу максатында Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 14 саат 27 мүнөт бою манас айткан. Бирок анын бул аракети расмий катталган эмес.
edita