2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяланды
2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасында жазды.
"ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады",- деп жазылат маалыматта.
Бакен Кыдыкеева- советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы. 1923-жылы 20-октыбрда Төкөлдөш айылында (учурда Бишкек шаары) туулган. 1941-1944-жылдары Пржевальск жана Нарын шаарынын театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрынын актрисасы болуп эмгектенет. Ал өз таланты менен кыргыз сахнасын багынтып, кино жаатында да ролдорду жараткан. Кыдыкеева 1994-жылдын 15-январында көз жумган.