SerepTV Logo

Сентябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Сентябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
2021-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 25-26-мартта Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди. "11-мартта президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары учурунда биз Өзбекстандын маданият министри менен 2021-2023-жылдарга маданият жаатындагы пландар тууралуу келишимге кол койгонбуз. Мындан тышкары, спорт жана жаштар саясаты боюнча меморандумга кол коюлган. Бул жолу биз аталган пландарды ишке ашырууну талкууладык. Өзбекстандык кесиптешим менен ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүгө макулдаштык”, - деди ал. Маданият министри сентябрда маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстанда чоң иш-чара өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Тактап айтканда, чоң программадагы саякат күтүлүүдө, ошондой эле Өзбекстандагы Чоң театрга гастроль да пландаштырылууда. "Биз Ташкентте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жана Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын гастролу болот деп график түзгөнбүз. Мындан тышкары, май айынан тартып Өзбекстан менен чектешкен – Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын драма театрлары жана филармониялары Өзбекстандын Андижан, Наманган жана Фергана облустарына гастролдоп чыгуусу пландаштырылууда”, - деп түшүндүрдү ал. Мындан тышкары, министр июнда эгемендиктин 30 жылдыгына карата Бишкек жана Ташкент шаарларында бирдиктүү концерттер өткөрүлөрүн айтты. “Кино күндөрүн да ушул жылы өткөрөбүз”, - деп кошумчалады ал.
edita