16 жаштагы Алтынай Ботоярова «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагында жеңүүчү аталды
Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагынын финалы өтүп, ага 31 кыз катышты. Алардын арасынан "Кыргызстан сулуусу-2021" наамы 16 жаштагы Алтынай Ботояровага ыйгарылды.
Моделдик кесипти аркалаган сулуу буга чейин «Мини Мисс Кыргызстан-2014» жана 2020-жылы «Мисс Кыргызстан» сынагына катышып, биринчи вице-мисс наамын алган. Ботояровага 5 миң долларлык алтын жана күмүш кошулган таажы кийгизилип, 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.
https://youtu.be/JmGDFpkbgTw