MBANK тиркемесинде Кыргызстандан 160 өлкөгө ыкчам акча которуулар
ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» | Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бири болгон - MBANK, Кыргызстанда биринчилерден болуп уникалдуу, тез акча которуу кызматын сунуштады. Эми сиз MBANK тиркемеси аркылуу дүйнөнүн 160 өлкөсүнө түз акча жөнөтө аласыз.
Жаңы кызмат MBANK'тын кардарларына которууларды салттуу ыкмаларды колдонууга караганда, алда канча тез жана ыңгайлуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Жаңы кызматтын артыкчылыктары:
- Ылдамдык: Каражаттар токтоосуз, ыкчам жөнөтүлөт, бул сизге финансылык маселелерди тез чечүүгө мүмкүндүк берет.
- Ыңгайлуулук: которууларды каалаган убакта, каалаган жерден MBANK тиркемесин колдонуу менен жүргүзүүгө болот. Банктын кеңселерине баруунун же татаал формаларды толтуруунун зарылчылыгы жок.
- Ар түрдүүлүк: Телефон номуру аркылуу мобилдик капчыктар жана банк эсептерине которуулар боюнча колдоо, колдонуучуларга акча каражаттарын жөнөтүү ыкмаларынын кеңири тандоосун берет.
- Коопсуздук: Бардык которуулар заманбап шифрлөө технологиялары менен корголгон, бул маалыматтардын жана каражаттардын коопсуздугуна кепилдик берет.
- MBANKты ачып, "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз.
- "Которуулар" → "Башка өлкөгө" категориясынан тандаңыз.
- "Которуу түрүн" тандаңыз.
- Төлөм кызматын тандаңыз.