Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт
MBANKтын бул картасына ээ болгон кардарлары Будапешт шаарына 2026 УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Mastercard жана MBANK футбол күйөрмандары жана уникалдуу банк өндүрүштөрүн баалагандар үчүн жаңы өзгөчө өндүрүштү сунуштады. Борбор Азияда биринчи жолу дүйнөлүк футбол жылдызы жана Mastercard компаниясынын амбассадору — Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн Messi Mastercard Gold картасы чыгарылды. Бул карта финансылык кызматтарды дүйнөлүк спорт менен айкалыштырып, анын ээлерине глобалдык футбол окуясынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Жаңы Messi Mastercard Gold картасы өзгөчө дизайнга ээ — анда Лионель Мессинин сүрөтү жайгашкан жана картанын дүйнөдө кайталанбаган сейек номуру бар. Бул жөн гана төлөм картасы эмес, спортту сүйгөн, дүйнөлүк футболго жакын болууну каалаган жана өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөткүсү келген адамдар үчүн коллекциялык өндүрүш.
Картанын ишке киришине карата Mastercard жана MBANK чоң акция өткөрүп жатышат. 2026-жылдын 16-мартынан 10-апрелине чейин MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу Messi Mastercard Gold картасын алдын ала буйрутма кылган кардарлар автоматтык түрдө утуш оюнуна катышат.
Башкы байге — 2026 УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Будапешт шаарына эки адамга саякат.
Башкы байгеге төмөнкүлөр кирет:
- матчка 1-категориядагы эки билет
- эки адамга мейманканада жайгашуу
- Mastercard жана УЕФАдан белек
- программа боюнча бардык трансферлер: аэропорт–мейманкана–аэропорт жана мейманкана–стадион–мейманкана
- №300 — сувенир топтому (спорт сумкасы, футболка, суу бөтөлкөсү, брелок)
- №600 — сувенир топтому (спорт сумкасы, футболка, суу бөтөлкөсү, брелок)
- №1000 — эки адамга 2026 УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Будапешт шаарына саякат