Капчыкка ылайык батирлер жана “капка катылган шибегелер”: ОСК жана MBANK конференциясынан маанилүү жыйынтыктар
Бишкектеги турак жай баалары элди дүрбөлөңгө салдыбы? Коркпоңуздар! 2025-жылдын 27-сентябрында Технопаркта өткөн ири иш-чара эң маанилүү: кантип кыймылсыз мүлк сатып алып, чыгымга учурабаш керек? – деген суроого жооп берди. Иш-чараны өткөргөн ОСК компаниясы — соода-сатык дүйнөсүндөгү ишенимдүү жол көрсөтүүчү — MBANK өкүлдөрү менен алдыңкы адистерди чакырып, тобокелдиктер, мүмкүнчүлүктөр жана эң башкысы — ипотеканы коопсуз алуу жолдору тууралуу чындыкты айтып беришти.
Негизги коркунучтар жана эмне үчүн күтүүгө болбой турганы тууралуу ОСКнын позициясы:
ОСКнын негиздөөчүсү Бактияр Касымалиев кыргызстандыктардын эң чоң көйгөйүн биринчи эле мүнөттөрдөн белгиледи: батирди «өзүңөр үчүн» алууну артка жылдырбагыла!
«Бардыгы баалар түшөт деп күтүшөт. Бирок күтүп отурганыңызда убакыт жана мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп жатасыз», — деди Касымалиев. Ал кыргызстандыктарды азыр аракеттенүүгө чакырып, сатып алуучуларды эки топко бөлдү:
- Инвесторлор: баанын өсүшүнөн киреше тапкандар;
- Өзү үчүн алуучулар: турак жайга муктаждар.