Бардык багыттарга 10% арзандатуу: MTravel жана Air Arabia'дан акция
ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK тиркемесинде жана Air Arabia биргеликте MTravel кызматында бүткүл дүйнө боюнча аба каттамдарын камтыган акция башталганын жарыялайт.
Акциянын алкагында MTravel колдонуучулары жана MBANK колдонуучулары 2024-жылдын 10-сентябрынан 30-октябрына чейин авиа билеттерди авиакомпаниялардын бардык багыттары боюнча, Бишкек шаарынан учкан учурда 10% арзандатуу менен сатып ала алышат.
Бул эс алууга же командировкага учууда саякаттарыңызды пайдалуу пландоо үчүн жана олуттуу өлчөмдө үнөмдөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
MBANK тиркемесинде MTravel кызматы аркылуу билеттерди кантип сатып алууга болот:
- MBANK тиркемесин ачыңыз;
- Кызматтар бөлүмүндө MTravelди тандаңыз;
- Каякка саякаттоону каалаганыңызды белгилеңиз;
- Сунушталган варианттардын ичинен Air Arabia компаниясынан "Акция" деп белгиленген сунушту тандаңыз;
- Билетиңизди болгону бир нече баскыч менен сатып алыңыз.
- Air Arabia расмий сайтына өтүңүз;
- Багыт тандаңыз;
- Арзандатууну алуу үчүн “MBK” промокодун териңиз;
- Төлөп жатканда MBANKтан Visa картасын тандаңыз.
- Акция 2024-жылдын 10-сентябрынан 30-октябрына чейин уланат.
- Учуу мөөнөтү 2024-жылдын 10-сентябрдан 10-декабрга чейин.