SerepTV Logo

“Айыл Банк” “Береке” тиркемесин ишке киргизди

“Айыл Банк” “Береке” тиркемесин ишке киргизди
“Айыл Банк” ААКсы ишкерлер үчүн жаңы “Береке” тиркемесин ишке киргизди. Тиркеменин бет ачары 23-май күнү Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы, Салык кызматынын төрагасы, “Айыл Банктын” жетекчилиги жана ишкер кардарлардын катышуусунда өттү. Биринчи баскычтагы функционал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана онлайн ыргагында каттоо;
  • Банкта жеке ишкердин эсебин онлайн режиминде акысыз ачуу;
  • Жеке ишкердин Банктагы эсептерине онлайн шартында көчүрмөлөрдү ачуу;
  • Электрондук патентти тариздетүү же мөөнөтүн узартуу;
  • Жеке ишкердин Мамлекеттик Салык кызматында онлайн режиминде каттоодон өтүшү;
  • QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу;
  • Төлөмдөр таржымалы;
  • Салыктык карыз. “Береке” мобилдик тиркемеси – бизнес жүргүзүүдө ишенимдүү өнөктөш!
altinay